Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Талас облусунда 19-апрелде Көк-Токой айылынын 13 жаштагы И.У. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 41 куткаруучу, 18 милиция кызматкери, туугандарынан 20 киши тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери саат 19:00 чамасында убактылуу токтотулган.
Саат 21:12 чамасында жогоруда аталган баланын атасы уюлдук телефон аркылуу чалып, баласы аман-эсен табылгандыгы тууралуу маалымдаган.
Пикир
Оставить комментарий