• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда облустук жана республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынан мектеп окуучуларынын облустук жана республикалык олимпиадасына катышып, байгелүү орундарды камсыздаган окуучулар сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуучулар менен шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова жолугуп, ийгиликтери менен куттуктап, ардак грамоталарды тапшырды.

Белгилей кетсек, 2020-2021-окуу жылындагы окуучулардын предметтик олимпиадасынын облустук баскычына шаардан 36 окуучу катышып, алардын 8и биринчи орунду, 7си экинчи орунду багындырган.

Облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрү республикалык олимпиадада Жалал-Абад облусунун намысын коргомок, бирок, пандемиядан улам республикалык олимпиада өткөрүлгөн жок. Мындан улам Билим берүү министрлигинин чечими менен облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрү, республикалык олипиаданын да жээңүүчүсү деп табылган.

Пикир

Оставить комментарий