• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Жалалабатгаз" коммерциялык ишканаларга убактылуу газ берүүнү токтотту

Аймак 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. "Жалалабатгаз" коммерциялык ишканаларга убактылуу газ берүүнү токтоткондугун, шаардык мэрия кабарлайт.

Мекемеден белгилешкендей, аба ырайынын суукташына байланыштуу газдын басымы төмөндөп, Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарына газ жетпей жатат. Мындан улам "Жалалабатгаз" ишканасы шаардагы коммерциялык ишканаларга жана шаарга чектеш аймактардагы жер үйлөргө бүгүн, 13-декабрдан тартып убактылуу газ берүүнү токтотту.

Аталган ишканадан кошумчалашкандай, газдын басымы жогорулгандан кийин көгүлтүр отту берүү кайрадан уланат.

Пикир

Оставить комментарий