• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров Кыргызстан Centerra компаниясы менен арбитражда соттошуудан коркпой тургандыгын билдирди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Кыргызстан Centerra Gold компаниясы менен арбитражда соттошуудан коркпойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик комиссиянын компаниянын жетекчилигине доосу бар.

“Компаниянын жетекчилигине коркутуулар натыйжа бербейт деп айтууга кез келди. Кыргызстан башка акционерлер менен кошо өзүнүн укугун коргошу керек. Биз арбитраждык соттон коркпойбуз. Компания дагы кырдаалдын өзгөргөндүгүн билип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштап жатат. Парламентке арбитраждык сотто элдин атынан чыгуусун сунуштайбыз”, - деди ал.

Депутат Жапаров кесиптештерин комиссиянын жыйынтыгын колдоого чакырды. “Биз чечимди бүгүн чыгарышыбыз керек”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий