• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соттордун жана прокурорлордун ишмердүүлүгүн текшерүүчү депутаттык комиссия өз ишин баштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Соттордун жана прокурорлордун ишмердүүлүгүн текшерүүчү депутаттык комиссия өз ишин баштады. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн комиссиянын биринчи отуруму өтүп, анда убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп депутат Жусупбек Коргонбай уулу, ал эми орун басары болуп эл өкүлү Арсланбек Малиев шайланды.

Отурумда комиссиянын мындан аркы иш пландарын талкууланып, анын курамына Жогорку Кеңештин тийиштүү бөлүмдөрүнүн эксперттерин, Акыйкатчы институтунан, Кыйноолорду алдын алуу боюнча агенттигинен өкүлдөрдү кошуу чечими кабыл алынды.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу өзү абакта отургандардан кабар алганын белгилеп, ал жактагы жагдайга токтолду. “Соттолгон 40тай жаран менен жеке сүйлөшүп чыктым. Адам өлтүрүү сыяктуу өтө оор беренелер менен 14 жылга кесилген жаранды соттор мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу аркылуу 1 жыл 9 айдан кийин чыгарып жиберишкен. Ал эми жеңил кылмыштар менен маселен, 2700сом уурдаган жаран мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну күтүп отурат. 54 жаштагы эженин кашы, чачы түшүп калган. Рак оорусунун 3-стадиясы аныкталган, химия алып турат экен. Оорусу 4-стадияга өткөндө чыгарат элек дешет. Мына ушундай мисалдар толтура”, - деди депутат Ж. Коргонбай уулу.

Эл өкүлү түрмөлөрдө турукташкан коррупциялык система бар экенин айтып, комиссия мүчөлөрүн жигердүү иш алып барууга үндөдү. “Кадимкидей базарга айланган. Бир жыл үчүн 2000$-3000$ деген ставкасы бар. “Түрмө кожоюну” деген адам камактагы жаран тууралуу сотторго өтүнүч берет экен. Аны акимчиликтеги комиссия карап, чечим чыгарат. Бул жерде комиссия мүчөлөрү, прокурору, соттору баары өздөрүнүн үлүшүн алышат да, мөөнөтүнөн мурда чыгаруу чечимин чыгарып беришет. Эмне үчүн акчасы барлар жазадан кутулуп кетиш керек да, акчасы жок байкуштар отуруш керек”,- деп белгиледи депутат Ж. Коргонбай уулу.

Талкууда комиссия мүчөлөрү көп багыттуу жана кеңири масштабда жумуш алып баруу зарылдыгын белгилешти.

Андыктан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандардан тышкары, тергөө абагында өкүмүн күтүп отургандар, соттолгондор ж.б. иштер боюнча да тийиштүү органдардан маалымат алынмакчы.

Белгилей кетсек, бүгүн эрте менен Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий