• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Курулушу 8 жылга созулган. Оштун Талдык айылында бала бакча ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Талдык айылындагы бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп. ишке берилди. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча 60 балага ылайыкталган, эки кабаттан турат, жалпы аянты 828,8 чарчы метрди түзөт.

Долбоорго ылайык бала бакчада бөбөктөр үчүн санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган бардык шарттар каралган.

Мамкурулуш агенттигинен кошумчалашкандай, имараттын курулушу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде бүткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинне 2015-жылы башталган.

Пикир

Оставить комментарий