• 88.68
  • 95
  • 0.95

Экономика министрлиги ЕӨКтүн кезектеги жыйынынын жыйынтыгын чыгарды

Экономика 0

Бишкек, 14.06.23. /Аида Тургунбекова - Кабар/. КР экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында 7-8-июнда Сочи шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кенешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Евразия өкмөттөр аралык кенешинин жыйынында жалпысынан 22 маселе каралды. Алардын негизгилери:

  • Евразия экономикалык бирлигинде климаттык маселелелер боюнча бирдиктүү мамилелер иштелип чыгуу.

Евразия экономикалык комиссиясына климатты жөнгө салуу боюнча бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу тапшырылды, ал бир катар багыттарды камтышы керек:

– Кооперациялык климаттык долбоорлорду ишке ашырууга шарттарды түзүү;

– Климаттык жөнгө салуудан келип чыгуучу бирликтин алкагында соода жүгүртүүгө тоскоолдуктарды алдын алуу мамилелерин иштеп чыгуу;

– Климаттык жөнгө салуудагы аз көмүртектүү өнүгүүнү стимулдаштырууга багытталган тарифтик жана фискалдык чараларды иштеп чыгуу. ​​​​

  • ЕАЭБде санариптик өнүгүү боюнча жол картасы иштелип чыгат

Евразия экономикалык комиссиясына бирликке мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү менен биргеликте бул тармакты өнүктүрүү чараларын көрүү боюнча тапшырма берилди. Тапшырмага ылайык, 2023-жылдын аягына чейин Бирлик жөнүндө келишимде каралган кызматташуу чөйрөлөрүндөгү санариптик трансформация боюнча бирдиктүү мамилелер иштелип чыгат.

Мындан тышкары, бирликтеги интеграциялык маалымат системасынын базасында инфротүзүмдүк камсыздоо боюнча 2025-жылга чейинки жол картасы иштелип чыгат.

  • Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын ортосунда өз ара соодада электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу

Навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү 2023-жылдын 1-сентябрына чейин узартуу боюнча чечим кабыл алынды.

  • ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча аракеттерди күчөтүү

​​Учурда тоскоолдуктар реестринде камтылган он бир тоскоолдуктун ичинен төртөө жоюлуп, дагы төртөө боюнча аларды жоюлган деп таануу процедуралары жүрүп жатат. Калган үч тоскоолдук боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актылары даярдалган же өлкөлөрдө жогорку деңгээлде даярдыктар жүрүүдө.

Медиативдик мамиленин аркасында аларды жоюунун темпи эки эсеге өстү.​​​​​ Мындай мамиле көйгөйлүү кырдаалдарды кароонун бардык этаптарында мүмкүн болушунча ыктыярдуу негизде тоскоолдуктарды четтетүү мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

  • ЕАЭБ өлкөлөрү транспорт коридорлорун санариптештирүүнүн үстүндө иштеп жатат

Транспорт коридорлорун санариптештирүү жана бирликтеги транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфроструктуралык долбоорлор каралды.

Жыйындын жыйынтыгында кол коюлган келишимдер:

- ЕАЭБ жана Ирандын ортосундагы соода келишими (макулдашуунун негизги артыкчылыгы – тарифтик жеңилдиктерди берүү, бажы төлөмдөрүн азайтуу жана алып салуу);

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде илимий даражалар боюнча документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;

​Келишим күчүнө киргенден кийин илимий даражасы жөнүндө улуттук документтери бар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызматкерлери узакка созулган нострификациядан өтпөстөн (чет өлкөлүк жарандардын билими тууралуу документтерин таануу тартиби) ЕАЭБдин башка мамлекетинде жумушка орношо алышат. Бул жогорку квалификациялуу адистердин мобилдүүлүгүн жогорулатып, ЕАЭБде илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт.​​

- Евразия өнүктүрүү институттарынын консорциумун түзүү жөнүндө макулдашуу.

ЕАЭБ алкагында өнүктүрүү институтун түзүү маселеси 2018-жылы Кыргызстан тарабынан демилгеленген жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияда концептуалдык түрдө чагылдырылган.

​​​​Бул консорциумду уюштуруу мамлекеттер ортосундагы өз ара мамилелерди тереңдетүү боюнча күч – аракеттерди бириктирүү жана интеграциялык кызматташтык, Евразия мейкиндигиндеги мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, мамлекеттердин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү инновациялык жана инвестициялык долбоорлорду издөө, иштеп чыгуу жана колдоо боюнча иш-чараларды андан ары ишке ашыруу үчүн мамилелерди иштеп чыгуу максатында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин институттарын бириктирүүнү билдирет.

Эске салсак, 2023-жылдын 7-9-июнунда Сочи шаарында КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны, III Евразиялык конгресстин отуруму, II жаштар форуму болуп өттү. КМШ жана ЕАЭБ жана "Евразия - биздин үйүбүз" көргөзмөсү.

Пикир

Оставить комментарий