• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

МСК: Фискалдык модулсуз ККМди 31-декабрга чейин гана колдонууга болот

Экономика 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Жаңы талаптарга ылайык, фискалдык модулдук функциясы жок контролдук-кассалык машиналарды 2022-жылдын 31-декабрына чейин гана колдонууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-майына чейин катталган жана колдонулуп жаткан ККМдин эски моделдери белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендиктен, аларды 2023-жылдын 1-январына чейин алмаштыруу (модернизациялоо) зарыл.

2023-жылдын 1-январынан тартып белгиленген техникалык талаптарга жооп бербеген ККМ салык органдары тарабынан мажбурлоо жолу менен эсептен чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, белгиленген талаптарга жооп бербеген ККМди пайдалангандыгы үчүн 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып каралган.

Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин колдонуудагы ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий