• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мектеп, саламаттык сактоо мекемеси. Баткенде 44 соцобъекттин курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Баткен облусу боюнча учурда жалпы 44 социалдык объекттин курулушу жүрүүдө. Курулуш иштери Баткен облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы тарабынан аткарылууда.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 2023-жылдын аягына чейин 14 объекттин курулушун аяктоо, тапшыруу пландалууда.

44 объекттин ичинен 21 объектте капиталдык курулуш болсо, 17 объектте капиталдык оңдоп-түзөө, 6 объектте таза суу түтүгүн тартуу каралган. Алардын курулушуна республикалык бюджеттин эсебинне 266 млн 843 миң сом каралган. Үстүбүздөгү жылдын беш ай аралыгында 241 млн 838 миң сомдук жумуштар аткарылды.

Тармактар боюнча алганда:

  • 29 мектеп;
  • 3 саламаттыкты сактоо мекемеси;
  • 2 маданият мекемеси;
  • 4 турак үй
  • 6 таза суу менен камсыздоо объектилери курулат.

Пикир

Оставить комментарий