• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаткалда милиция кызматкерлерине турак жай куруу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Чаткал районунда милиция кызматкерлерине кызматтык турак жай куруу иштери башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, курулушту баштоо иш-чарасына Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, Чаткал РИИБдин ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Курулуш иштерине Чаткал райондук социалдык пакеттин эсебинен жалпысынан 8 млн сом акча каражаты каралган. Учурда анын 1 сому бөлүнүп, капсула салынып, курулуш иштери башталды.

Ошондой эле айыл тургундарынын өтүнүчү менен Ички иштер министрлиги тарабынан Чаткал РИИБге кызматтык Chevrolet Nexia үлгүсүндөгү автоунаа бөлүнүп берилди.

Белгилей кетсек, мындай аракеттер ички иштер министри Улан Ниязбековдун Чаткал районуна болгон иш сапарында жергиликтүү айыл аксакалдары райондун жашоо турмушун түшүндүрүү менен милиция кызматкерлеринин кызматтык турак жай жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматкерлерине атайын унаанын жетишсиздиги боюнча сунуштарынын негизинде болууда.

Пикир

Оставить комментарий