• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 36%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,2 млрд долларды түздү, деп билдирет Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бул 2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 36,4%га көп, муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 36,1 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1,8 эсе жогорулады.

Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-августунда 2,8 млрд долларды түздү жана 2021-жылдын январь-августуна салыштырганда 33,8 пайызга өстү. Муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 1,5 эсеге, импорттук келип түшүүлөр 27,6 пайызга жогоруланган.

"Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-август айларында Россияга (70,6 пайызга) жана Казакстанга (27,2 пайызга) туура келди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий