• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда тогуз коргоол боюнча мэрдин кубогу өттү

Спорт 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7-9-октябрында Жалал Абад шаарында тогуз коргоол боюнча мэрдин кубогуна карата эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдешке Бишкек, Ош шаарларынын жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагынан келген командалар катышты.

Спорттук иш-чаранын сыйлоо аземине Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Элдос Таев катышып, жеңүүчүлөргө баалуу белектерди, диплом жана медалдарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий