• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаровдун катышуусундагы ардагерлердин футболдук беттеши башталды

Спорт 0


Бишкек, 30.08.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин футболдук беттеши башталды.

Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш борбор калаадагы Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүүдө.

Кыргызстандын курама командасынын катарында президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов дагы бар.

Белгилей кетсек, оюн УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий