• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ак-Талаа райондук милициясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери 2022-2023-окуу жылынын башталышына карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк, ал эми балдарына окуу куралдарын алып беришип, жардам көрсөтүштү.

Нарын облустук милициясынан билдиргендей, мындай саамалык жылына милиция кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп келет.

Мындан тышкары, райондун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте ички, тышкы мигранттардын балдарын текшерүүгө алып, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий