• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байсалов БУУ ДАП Азия-Тынч океан боюнча аймактык директору Джон Эйлифф менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Азия-Тынч океан аймагы боюнча аймактык директору Джон Эйлифф менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселеси талкууланды.

Эдил Байсалов белгилегендей, учурда 2018-жылы кол коюлган «2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөлүк стратегиялык планын» ишке ашыруу боюнча КР Өкмөтү жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасы ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум» алкагында биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.

Стратегиянын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана акчалай колдоо көрсөтүлдү, ошондой эле «эмгек үчүн азык-түлүк/акчалай каражат» социалдык колдоо инструментинин аркасында жергиликтүү активдер түзүлүп, инфраструктура жакшыртылды.

Министрлер кабинети, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү долбоорлорду ишке ашырууда административдик жана логистикалык жактан камсыздоо өз учурунда жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, бул – Бишкек жана Ош шаарларында тамак-аш азыктарын сактоо үчүн бекер бөлүнгөн кампалар, өлкө ичинде тамак-аш азыктарын ташуу, жүктөө жана түшүрүү боюнча чыгымдарды мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү долбоорлорду уюштуруу жана биргелешип каржылоо иштери.

«Натыйжада, «2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөлүк стратегиялык планы» ийгиликтүү ишке ашырылууда жана өз максаттарына жетүүдө. Үстүбүздөгү жылы «2018-2022-жылдарга Кыргызстанда БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын учурдагы өлкөлүк стратегиялык планын» ишке ашыруу мөөнөттөрү аяктайт. Жана биз сиздер менен биргеликте «2023-2027-жылдарга Кыргызстанда БУУ ДАП өлкөлүк стратегиялык планы» иштелип чыккандыгына кубанычтабыз”, - деди Эдил Байсалов.

Тараптар биргелешкен ишти улантууга даярдыгын билдирди, атап айтканда, жаңы Өлкөлүк стратегиялык планды иштеп чыгуу жана ага кол коюу зарылдыгы тууралуу макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий