• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде калкты 24 саат бою таза суу менен камсыз кыла турган долбоор ишке ашууда

Аймак 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгына узундугу 10 чакырымга жеткен таза суу өткөрүүчү түтүк орнотулууда. Анын жыйынтыгында жергиликтүү калк 24 саат бою ичүүчү таза суу менен камсыз болот.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, курулушка “Дүйнөлүк Эмират” кайрымдуулук уюму көмөк көрсөтүүдө. Долбоордун сметалык баасы 75 миң АКШ долларын түзөт.

План боюнча курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын сентябрында толугу менен аяктайт.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, ошондой эле долбоордун алкагында 1000 куб метрлик суу кампасын куруу да каралууда. Бул максаттарга Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинен 3 млн сом бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий