• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 25.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 25-июнда Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Айтмамат Кадырбаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин майрамы менен куттуктап, бул багытка келечекте көптү үмүттөндүргөн, кесипкөй жаштардын тартылуусу кубандыра тургандыгын баса белгиледи.

“Тарыхтын кайсыл гана мезгилин албайлы, мамлекеттин, элдин тагдыры, келечеги мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин уюштуруучулук жөндөмүнө, кесипкөйлүгүнө, алардын сапатына тыгыз байланыштуу экендигин көрөбүз. Соңку жылдарда кадрлардын сапатына, кесиптик даярдыгына өзгөчө басым жасалып, конкурстук тандап алууга көңүл бурулуп жатат. Алардын арасында өз кесибин мыкты өздөштүрүшкөн кесипкөй, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаштар көп экендиги бизди кубандырат.”,-деди А. Кадырбаев.

Салтанаттын жүрүшүндө шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы, ак ниет эмгеги үчүн бир нече кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын жана акчалай сыйлыгын, баалуу белектерин тапшырды.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын, шаардык кеңештин Ардак грамоталар тапшырылды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө шаар боюнча 500дөн ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер эмгектенет.

Айта кетсек, БУУнун Ассамблеясы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын коомдогу ордун жана ролун эске алып, 2002-жылдын 20-декабрында 23-июнду Мамлекеттик кызматкерлердин күнү катары белгилөө чечимин кабыл алган. Ошол күндөн бери жыл сайын 23-июнь күнү мамлеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кеситик майрамы салтанаттуу белгиленип келет

Пикир

Оставить комментарий