• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл Оштогу миңден ашуун адам жашаган 218-кварталга таза суу жеткирилет

Аймак 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Быйыл Оштогу миңден ашуун адам жашаган 218-кварталга таза суу жеткирилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-февраль күнү Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын адистери 218-кварталдын тургундары менен жолугушту.

"Аталган аймакта таза суу таңкыстыгы бар болгондуктан капиталдык курулуш башкармалыгынын адистери 5 чакырым таза суу түтүгүн тартуу иштери 2 айдын ичинде баштала тургандыгын билдиришти. Бул боюнча шаар мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырма берген. Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу 218-кварталда миңден ашуун адам жашайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий