• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто "Коопсуздук-Түштүк-2022" машыгууларына активдүү катышкан жарандар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Ошто “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” машыгууларына активдүү катышкан жарандар сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 26-майда Ош жана Жалал-Абад облустарында биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары аяктады.

Машыгууларды даярдоого активдүү катышкандыгы жана жарандык коргонуу тармагындагы кызматтык милдеттерин эрдик менен аткаргандыгы үчүн бир катар жарандар жана аскер кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси К.Досматов мэр Алмаз Мамбетовдун атынан машыгууларга активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясынын резервдик мобилизациялоо ротасынын бардык кызматкерлери кайрымдуулук акциясынын алкагында В.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына күнүмдүк жөлөк пулдарын тапшырышканы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий