• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун район-шаарларынын борборлорундагы көчөлөрдү асфальттоо иштери 70 пайызга аяктады

Аймак 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун район-шаарларынын борборлорундагы көчөлөрдү асфальттоо иштери 70 пайызга аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы облуста жалпы 34,9 чакырым жарактан чыккан жолдорду асфальттоо каралып, ага республикалык бюджеттен 133 миллион 300 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

"Алгачкылардан болуп жумушту Сузак району аяктаса, Чаткал району 90 пайыз, Токтогул району 70 пайыз, Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Тогуз-Торо райондорунда 50 пайыздан иш жасалды. Аны менен бирге Кочкор-Ата, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай жана Жалал-Абад шаарларында да белгиленген жолдор эки чакырымга чейин асфальтталып жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Жумуштарды 10-сентябрга чейин толугу менен сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы коюлган.

Пикир

Оставить комментарий