• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сот-укуктук реформа боюнча эксперттик жумушчу топ “Пробация” долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы пробация Департаментинин имаратында эксперттик жумушчу топтун айрым мүчөлөрү менен соттук-укуктук реформа боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүм башчысы С. Исабаевдин, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, МТжБМК алдындагы "Укук" МИ, КР Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментине караштуу "Адилет сот" МТМ өкүлдөрүнүн катышуусу менен отурум болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлайт.

Жолугушууда катышуучулар юстиция министринин орун басары М. Канулькуловдун жана пробация Департаментинин директору Алмазбек уулу Зарылбекти н"Пробация" Автоматташтырылган маалымат тутумунун долбоорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан жана пландаштырылган иш-чаралары жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестриндеги анын модулу (КЖБР) жөнүндө маалыматын угушту.

Ошондой эле катышуучулар Бишкек шаарынын райондук пробация органдарынын чегинде аталган системанын "Каттоо" жана "Сотко чейинки" модулдарынын онлайн режиминде жүргүзүлүп жаткан тесттик иштери менен таанышып чыгышты, аларды үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында КЖБР магистралына интеграциялоо пландалууда.

Жыйынтыгы боюнча жумушчу кеңешменин катышуучулары тарабынан аталган багыттагы иштердин оң динамикасы бар экендиги белгиленди, мында пробациянын бардык региондук органдарында жергиликтүү тармакты жайылтуу боюнча Департаменттин ишинин аякташын эске алуу менен "Пробация" АМТ иштелип чыккан модулдарын жалпы республикалык тестирлөөгө өткөрүүгө сунушталды.

Белгилей кетсек, "Пробация" Автоматташтырылган маалыматтык тутумунун долбоору Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган "Жол картасын" ишке ашыруу боюнча "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо Концепциясын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б буйругун, ошондой эле Президенттин “2020-жыл аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын алкагында ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий