• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунун аймагындагы ашууларга кар жаап жатат

Аймак 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында аба ырайы бузулуп, ашууларга кар жаап жатат. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Долон ашуусунда кум-шагыл себүү жумуштары жана 1 авто грейдер, 1 даана самосвал, 1 даана ХОВО кар тазалагыч менен тазалоо иштери жүрүүдө.

"Ошондой эле башка ашуулардагы абал жана Соң-Көл, Ак-Сай, Арпа сыяктуу алыскы жайлоолордогу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жиберилип,малчылардын абалын тактоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий