• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта селден жабыр тарткандарга милиция жардам берүүнү улантууда

Аймак 0

Бишкек, 07.05.22. /Кабар/. Сузакта селден жабыр тарткандарга милиция жардам берүүнү улантууда, - деп билдирет Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, 200дөн ашуун кызматкер суу жана ылайга толгон жер төлөлөрдү, мал сарайларды тазалап, турак үйлөрдүн алдын баткактан арылтууда.

Жергиликтүү тургундар милиция жана аскер кызматкерлеринин жасаган иштерине ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

Белгилей кетсек 4-майдан 5-майга караган түнү нөшөрлөп катуу жааган жаандын кесепетинен Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарындагы бир нече турак жайды жана социалдык объекттерди сел каптаган.

Пикир

Оставить комментарий