• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ордо оюну боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Ош шаарында билим берүү мекемелелеринин кызматкерлеринен жана жогорку окуу жайлардын студенттеринен түзүлгөн командалардын арасында улуттук ордо оюну боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги өткөрүлдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мелдештин жыйынтыгы боюнча педагогикалык жамааттардын ичинен жеңүүчү деп төмөнкүлөр табылды:

  • 1-орун ОшМУнун командасы;
  • 2-орун ОшКУУ командасы;
  • 3-орун ОшТУнун командасы;
  • 4-орунду шаардык билим берүү башкармалыгынын командасы ээледи.

Студенттер арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  • 1-орун ОшМУнун командасы;
  • 2-орун Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасы;
  • 3-орун ОшТУнун командасы;
  • 4-орун ОшКУУ командасы.

Жеңүүчүлөр шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан акчалай сыйлыктар, кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий