• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөн районундагы бир катар айылдардын таза суу менен камсыздоо тутумдары жакшыртылат

Аймак 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Аталган пилоттук долбоордун алкагында Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак, Мырза-Аке, Куршаб айыл өкмөттөрүнө караштуу бир катар айылдардын таза суу менен камсыздоо тутумдары жакшыртылат:

а) капиталдык инвестицияларды каржылоо;

б) бул инвестицияларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн кенеш берүү кызматтарын көрсөтүү;

в) корпоративдүү өнүктүрүү программасын даярдоо жана ишке ашырууда социалдык колдоо жана кызыкдар тараптардын катышуусу үчүн кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү.

Пилоттук долбоордун жалпы баасы – 6 млн евро, анын ичинде:

- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити – 2 млн евро;

Европа союзунун Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) гранты – 3,0 млн евро;

- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (техникалык кызматташтык үчүн) гранты – 1 млн евро. Насыя 15 жылга 3 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен Euribor +1,0 % (өзгөрүлүп туруучу пайыздык коюм) аркылуу берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл.

Талкуу жүрүшүндө пилоттук долбоорду ишке ашыруу жүрүмүндө консультанттарга мурда каражаттык 7-12 пайызы төлөнүп келсе, азыр ал 3 пайызга чейин азайтылганы белгилүү болду. Эгерде 80 миӊ адамды таза суу менен камсыз кылууга багытталган бул пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ащырылса, анда ал өлкө аймагы боюнча жайылтылмакчы.

Депутат Аалы Карашев баардык фракциялардын макулдугу бар экенин эске салып, депутаттарды ратификациялык мыйзам долбоорун дароо эле үч окууда колдоп берүүгө чакырды. Бул сунушту депутаттар Улукбек Ормонов менен Аида Касымалиева да колдоду.

Пикир

Оставить комментарий