• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Эл аралык музейлер күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 19.05.23./Кабар/. Ош шаарында Тургунбай Сыдыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде сүрөткер Аким Тургунбаевдин “Тарых барактары” аталыштагы жеке көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Көргөзмөдө таланттуу сүрөткердин Кыргызстандын тарыхында из калтырган, көрүнүктүү, чыгаан залкарлардын элесине арналган жана алардын чыгармаларынын негизинде жаралаган сүрөттөрү көрсөтүлдү.

Аким Тургунбаев, 1959 жылы 15-июнда, Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Тарык айылында туулган. Өзүнүн чыгармачылык жолунда 20га жакын республикалык деңгээлдеги көргөзмөлөргө катышып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

Белгилей кетсек, 18-май күнү дүйнө жүзүндө Музейлер күнү белгиленүүдө. Кыргызстанда 67 тарыхый, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый корук, мемориалдык, көркөм жана адабий музей бар. Алардын көпчүлүгү Бишкекте жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий