• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саламаттык сактоо министри согуш ардагери Асек Урманбетовдон кабар алды

Коом 0

Бишкек, 19.05.23./Кабар/. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетовдун үйүнө барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министр Асек Урманбетовду 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалады.

“Биз – жалпы кыргызстандыктар сиздей Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагери, өмүрүн чыгармачылык менен коомдук иштерге арнаган зоболосу бийик аталарыбызга башыбызды ийип таазим кылабыз. Сиздин мындай алтын аяктан суу ичип, кылым жашаган өмүр таржымалыңыздын өзү эле канчалаган муундарыбыз үчүн мыкты өрнөк, чоң үлгү. Элибизде сиздей аксакал карыяларыбыздын болушу чоң сыймык”, - деди өз сөзүндө Гулнара Баатырова.

Ошону менен бирге министр Саламаттык сактоо министрлиги, үй-бүлөлүк дарыгерлер да аксакалдын ден соолугуна кам көрүп, керектүү дары-дармектер менен камсыздап жана керек болгон учурларда адистердин медициналык кароолорун өткөзүп жана көзөмөлдөп турганга даяр экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий