• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

СӨП жана Ozon Кыргызстанда электрондук сооданы биргелешип өнүктүрүү жөнүндө макулдашты

Экономика 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жана Ozon маркетплейси кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, меморандумга кол коюу аземи 28-февралда Бишкекте Digital Kyrgyzstan Эл аралык ПЛАС-Форумунун ишкер программасынын алкагында өттү.

Тараптар республикада чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү, онлайн-соода сегментинде экономиканын гармониялуу өсүшүн камсыз кылууну макулдашышты. Ozon менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын кызматташтыгынын назарында – КМШнын беш өлкөсүндө Ozon’дун 46 миллион сатып алуучусуна жергиликтүү өндүрүштөгү продукциянын экспорттук потенциалын өнүктүрүү.

“Кыргызстандын электрондук коммерция рыногу тездик менен өсүп жатат жана чоң потенциалга ээ. Республиканын ишкерлери ички рынокто да, анын тышында да чоң суроо-талапка ээ болгон сапаттуу товарларды чыгарышат. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен бирге биз ишкерлерге жаңы рынокторго чыгууга жана маркетплейсте акча жүгүртүүнү арттырууга жардам беребиз”, - деп белгиледи Ozon’ду КМШда өнүктүрүү жана операциялар боюнча директору Алексей Сапон.

Мындан тышкары, өнөктөштүк дегенде ага Кыргызстанда аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, билим берүү иштери, биргелешкен консультациялар жана иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле маалыматтык жана жарнамалык өнөктүктөрдү баштоо жана өз ара тажрыйба алмашуу кирет.

“Биздин негизги милдетибиз – ЕАЭБ мейкиндигинде кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн товарларынын экспортун өнүктүрүү жана жайылтуу. Ozon – КМШнын беш өлкөсүндө иштеп жаткан ири маркетплейстердин бири, ал кыргызстандык ишкерлер менен кызматташууга ачык. Бүгүн кол коюлган меморандум ишкерлерди бизнести жеңил кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө окутуу үчүн биздин маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңири колдонууга жол ачат”, - дейт Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.

Ozon Бишкекте өкүлчүлүгүн 2022-жылы ачкан, ал эми 2023-жылдын башында сорттоо борборун ишке киргизген. Бүгүнкү күндө бул маркетплейстин Кыргызстанда өнүккөн логистикалык инфраструктурасы иштеп жатат. Товарлар брендделген берүү пункттарына, “Кыргыз почтасынын” 800дөн ашык бөлүмүнө жана өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы Boxberry берүү пункттарына жеткирилет. Ал эми Бишкектин тургундары буйрутмаларды чабармандар аркылуу үйүнө чейин алдырта алышат.

Пикир

Оставить комментарий