• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тигүү жана текстиль индустриясы боюнча биринчи улуттук форум болуп өттү

Экономика 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Бишкекте тигүү жана текстиль индустриясы боюнча биринчи улуттук форуму болуп өттү. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан (СӨП) билдиришти.

Иш-чара КР СӨП жана Текстиль ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Форуммдун катышуучулары жеңил өнөр-жай тармагындагы перспективаларды жана стратегиялык кызматташтыкты талкуулашты.

Форумду министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев ачып, министрлер кабинетинин Кыргызстандагы бизнести колдоо боюнча ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын уюштуруучусу, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев текстиль тармагы туш болгон бир катар көйгөйлөрдү белгиледи.

Биринчиден, кадрлардын жетишсиздиги, сырьелук рыноктун туруксуздугу, экология проблемалары жана өндүрүштүн туруктуу методдорун киргизүү, зыяндуу химикаттарды пайдаланууну азайтуу зарылдыгы.

Форумда спикерлер катары белгилүү казакстандык байер - Лилия Рах катышты, Ozon россиялык бизнести өнүктүрүү боюнча директору Ершов Илоанга; Alibaba компаниясынын эксперттер Эми Ли жана Дэниел Чжоу; WildBerries маркетплейстеги россиялык өндүрүүчү - Лукина Анастасия жана башкалар сөз сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий