• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Парламенттен билдиришкендей, аземге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана айыл тургундары катышты.

Алсак, жалпы аянты 780 чарчы метрди түзгөн имараттын курулушу үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда башталып, демөөчүлөр тарабынан 1 млн АКШ долларынан ашуун каражат сарпталган. Бардык шарты менен курулган заманбап имаратта жергиликтүү бийлик менен катар калкты тейлөө борбору жана музей жайгаштырылат.

Иш-чарада төрага жаңы имаратта иш алып бара турган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жардам катары Жогорку Кеңештин атынан 300 миң сомдук сертификат тапшырды. Андан соң, Нурланбек Шакиев заманбап имараттагы түзүлгөн шарт менен таанышып, калкты тейлөө борборун, музейди жана жаңы ачылган паркты көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий