• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Тамаш Шуйокту Венгриянын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Тамаш Шуйокту Венгриянын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Сизди Венгриянын президентинин жогорку кызматына шайланышыңыз менен чын дилимден куттуктайм.

Венгриянын элинин бакубаттуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик ишиңиз ийгиликтүү боло берсин.

Сиз Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бурасыз деп тереӊ ишенем.

Эки тараптуу мамилелерди Сиз менен бирге андан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенимди билдирем.

Сизге бекем ден соолук, бакты-таалай жана чоң ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат президент Садыр Жапаровдун куттуктоо катында.

Пикир

Оставить комментарий