• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто 8 жаштагы бала кутурма оорусуна шектелип ооруканага түштү

Ден соолук 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Оштун Араван районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнө 8 жаштагы бала кутурма оорусуна шектелип түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, баланын абалы орто оор деп бааланууда. Анын диагнозу тактала элек, бирок тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Адистердин катышуусунда консилиум өткөн.

Алдын ала маалымат боюнча, баланы мышык тытып алган.

Пикир

Оставить комментарий