• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Лебединовканын бир бөлүгү жол кырсыгына байланыштуу электр жарыгысыз калды

Коом 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. 7-сентябрга караган түнү Лебединовка айылынын бир бөлүгү жол кырсыгына байланыштуу электр жарыгысыз калган. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ​​ишканасынан билдиришти.

Компаниянын маалыматына караганда, электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшүнө жол кырысыгы себеп болгон. Mercedes-Benz Atego үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу “Нур” көмөкчордонунан тараган 6 кВ электр чубалгысын сүзүп, анын кесепетинен 25 трансформатордук көмөкчордон чыңалуусуз калган.

“Авария болгондон кийин эки саат арылыгында Аламүдүн райондук электр тармактарынын кызматкерлери башка булакка кошуу менен электр жарыгын калыбына келтирген жана бардык материалдарды Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берген. Азыркы учурда бригада бузулган жерди оңдоо менен алектенүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий