• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдүн жээгинен сөөгү табылган аялдын өздүгү аныкталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Тоң районунун Кең-Сай тилкесинде Ысык-Көлдүн жээгинен сөөгү табылган аялдын өздүгү аныкталды.

Ысык-Көл облустук милициясынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, ал Жети-Өгүз районунун 41 жаштагы С.Э. аттуу тургуну болгон.

“Туугандары сөөктү таанышты. Маркумдун сөөгү туулган айылына жеткирилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий