• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бийлик ѳкүлдѳрү Араван районунун жашоочулары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-сентябрда министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Араван районунун жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда жарандар бийлик өкүлдөрүнө жеке көйгөйлөрү, район ичиндеги социалдык-экономикалык маселелер боюнча суроолорун узатышты.

Тактап айтканда, жашоочулар негизинен сугат жана таза суу менен камсыз кылуу, үлүш жерлердин жетишсиздиги, мыйзамсыз сатылып жаткандыгы, турак жай куруу үчүн жер тилке муктаждыгы, шаар аралык унаа жолдордун абалы начарлап кеткендиги, дарыканада дары-дармектердин жетишсиздиги жана баасы ашыкча жогорулап кеткендиги, мектептердин жетишсиздиги, Ош - Араван унаа жолунда жайгашкан унаа базарда ишемби жана жекшемби күндѳрү жол тыгындары пайда болуп жаткандыгы, бул маселени айланма жол куруу менен чечип берүү меселесин жана башка социалдык маселелерди кѳтѳрүштү.

Бул багытта арыз менен кайрылган жарандардын арыздарын жеринде тийиштүү кызматтар кабыл алышты.

Жыйындын катышуучулары ушундай жолугушуулар уюштурулуп, жарандарга арыз-даттанууларын айтууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, аткаруу бийлигинин, ошондой эле көзөмөл жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуулары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий