• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Бишкекте унаасы менен кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрда саат 07:30да Ахунбаева көчөсүндө аял киши белгисиз унаада жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жол кырсыгынан 19 жаштагы Ы.Г. аттуу кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары “Мазда Демио” унаасынын 41 жаштагы Ш.Ж. аттуу айдоочусу (аял киши) кармалып, тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий