• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандагы АКШ элчилиги жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган “Көп окуган – көсөм” Китеп фестивалы – 2022 жумалыгын өткөрдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, расмий ачылышка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөдү.

Чыңгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө билим, акыл-эс, маданиятты өстүрүүдө, тарбиялоодо китептердин ролу эбегейсиз зор экендигин белгилеп, ар бир китепкананы билим борборуна айландыруу заман талабы деп белгиледи.

"Китеп – чоң байлык, ага муундан-муунга кала турган мамлекеттик, жалпы элдик байлык катары кылдат, терең мамиле кылуубуз зарыл. Ар бир китепти сактоо, анын кадыр-баркын көтөрүүбүз абзел. Руханий байлык – эл кенчи, эл эртеңи. Андыктан, байлыктын башатында касиеттүү эне-тил, улуттук китептерибиз турушу керек деп эсептейбиз.

Азыр улуттук китеп саясаты биринчи кезекте коомдун чыгармачылык кудуретин өстүрүү жана көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү, китеп чыгарууну мамлекеттик деңгээлде жөнгө салууга багытталууда.

Улуттук китеп чыгаруунун жетишкендиктерин даңазалоо, китеп жасалгалоо искусствосун өнүктүрүү, таланттуу сүрөтчүлөрдү, жасалгалоочуларды, дизайнерлерди китеп жасалгалоо жана иллюстрациялоого тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жыл сайын “Китеп искусствосу” сынагын өткөрүп келет. Китеп чыгарууда, таратууда бир топ эл аралык, чет элдик уюмдар алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Алардын арасында ЮСАИД уюму китепканаларга акысыз китептерди жана республикадагы китепканаларга колдоо көрсөтүп бергендигине ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да маданият тармагында бул багытта өнөктөштөр менен биргеликте кызматташтыгыбызды улантабыз", - деп сөзүн жыйынтыктады министрдин орун басары .

Эске салсак, китеп жумалыгынын алкагында өлкөнүн китепканаларында жана мектептеринде ар кандай китеп көргөзмөлөр, акын жазуучулар менен жоолугушуулар, концерттер, конкурстар, театр оюндары жана китеп окуу боюнча кызыктуу оюн-зооктор өткөрүлөт.

Республика боюнча "Америка борборлору" жаштардын технология, инженерия, көркөм өнөр жана математика илимдерине болгон кызыгуусун жогорулатуу максатында STEAM кербени өттү.

Иш-чаранын алкагында “Китеп искусствосу”- Улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктады тапшыруу аземи коштолду.

Пикир

Оставить комментарий