• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте "Үмүт" аталыштагы жаш киночулардын XI форуму расмий ачылды

Маданият 0


Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Ала-Тоо” кинотеатрында "Үмүт" аталыштагы жаш киночулардын XI форуму расмий ачылды. Быйылкы иш-чара КРнын Эл артисти, советтик жана кыргыз кинорежиссеру Бекеш Абдылдаевдин 90 жылдыгына арналат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, Бекеш Абдылдаевдин уулу, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев, министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев, кино ишмерлер, кино сүйүүчүлөр катышты.

Форумдун башында Бекеш Абдылдаев тууралуу режиссёр Алиман Токтогулова тарткан "Потомкам до восстребование" даректүү тасмасы көрсөтүлүп, министр куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Иш-чара режиссёр Бекеш Абдылдаевдин “Бакча” даректүү тасмасы менен жыйынтыкталды.

Аталган форум 31-мартка чейин уланып, программада бир нече иш-чара камтылган:

  • улуттук жана эл аралык программаларды талкулоо менен көрсөтүү (дүйнөлүк кинематография чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттер менен пикир алышуу);
  • кыска метраждуу тасмалардын кинодолбоорлорун көрсөтүү;
  • абройлуу эл аралык кинофестивалдарга катышкан жана алдыңкы орундарды багындырып келген тасмалардын атайын көрсөтүүлөрү;
  • чет өлкөлөрдүн алдыңкы кинорежиссерлорунан мастер-класстары жана лекциялары;
  • эл аралык кинофестивалдардын жарманкелери;
  • уюштуруучулардын атайын презентациялары жана питчингдер.

Маалымат үчүн: “Үмүт” форуму 2013-жылдан бери КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий