• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМдин куткаруучулары тоодон адашып кеткен россиялык туристтерге жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тоодон адашып кеткен россиялык туристтерге жардам көрсөттү

ӨКМден билдиришкендей, А.Ж. аттуу 49 жаштагы турист, 19 жаштагы Е.Ж. аттуу кызы жана 10 жаштагы Г.Ж. аттуу уулу менен “Ала-Арча” улуттук паркында жайгашкан Адыгене капчыгайына барып, капчыгайда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаагандыктан туристтер тоо боорундагы жалгыз аяк жолду таппай, адашып калышкан.

Издеп-куткарууга жооптуу офицер, лейтенант Нургазы Орозовдун айтымында, 28-мартта саат 21:55те 4 куткаруучу издөөгө чыгышкан.

“Туристтердин түн ичинде белги бере турган буюмдары да жок экен. Капчыгайды өрдөй издеп, эч кимди тапкан жокпуз. Тоонун экинчи тарабы менен издеп келе жатып, болжол менен түнкү саат 3тө сүйлөшкөн үндөрдү уктук. Көрсө жеңил кийинип чыккан балдары тоңуп, аларды сооротуп жатыптыр”, – деди ал.

Куткаруучунун айтымында, үшүп калган баласына медициналык алгачкы жардамын көрсөтүп, өздөрүнүн кийими менен жылуулап, саат 5:30дар чамасында туристтерди аман-эсен алып түшүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий