• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Германия–Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстанга бизнес-тур уюштурууну караштырууда

Экономика 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германия–Евразия экономикалык биримдигинин аткаруучу директору Ханно Штёкер жолукту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 28-мартта Берлин шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи маектешине 2023-жылы эки мамлекет ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыкты активдешүүсү, ошондой эле 2024-жылы пландаштырылган экономикалык иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Ханю Штёкер белгилегендей, Кыргыз Республикасы немис компаниялары тарабынан инвестиция үчүн ачык өлкө катары кабыл алынат. Германия-Евразия экономикалык биримдиги кыргыз компаниялары менен алака түзүүгө умтулат жана учурда Кыргызстанга бизнес-тур уюштурууну караштырууда.

Эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты түзүү максатында элчилик менен Экономикалык биримдиктин ортосундагы активдүү байланышты улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий