• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын ИДПсы эмненин эсебинен өсүүдө? – Улуттук статкомдун жообу

Экономика 0

Бишкек, 12.01.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын басымдуу бөлүгү 2017-жылга карата болжолдуу жыйынтыктар боюнча тейлөө тармактарына туура келет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйындын алкагында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.

Анын маалыматында, ИДП көлөмү өткөн жылдын 11 айында 493 млрд сомду түзүп, мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5%га өскөн.

“Ошону менен бирге ИДПнын түзүмүндө басымдуу бөлүгү тейлөө кызматтарына туура келип, жалпы көлөмү 49%ды түзөт. Өнөр жайдын үлүшү 18%, айыл чарба - 13%, курулуш – 8%”,- деп билдирди Султанов.

Комитет башчы тейлөө тармагындагы көрсөткүчтөрдүн өсүшү негизинен тамактануу ишканаларынын кирешесинин өсүшү менен жетишилип, жогорудагы көрсөткүчтүн (49%) 86%ын түзөт.

“Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2017-жылы 231 млрд сомдин ашуунду түзүп, 2016-жылга караганда 11,5% көп болгон. Өнөр жай продукциясынын көлөмү “Кумтөр” ишканаларын эске албаганда 150 млрд сомдон ашып, 21%га өскөн”, - деп көрсөттү Султанов.

Ал эми өнөр жайда алтын казуу 43,7%, экспортто – 590,1 млн АКШ долларын түзгөн. Бул 2017-жылдын 11 айында экспорттун 2,8%га өсүшү тууралуу ай тып турат.

Пикир

Оставить комментарий