• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 29.09.22./Кабар/. Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы өтүүдө.

Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, Түркиянын башчысы Реджеп Тайип Эрдоган, эки өлкөнүн өнөр адамдары, спортчулар жана башкалар катышууда.

Оюндардын расмий ачылышында түрк лидери сөз сүйлөп, иш-чаранын катышуучуларына ийгилик каалады. Андан соң атайын даярдалган концерттик программа тартууланууда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-сентябрда көк пар, ат үстүндө жаа атуу, жаа атуу мелдештери өттү.

Аны менен катар оюндар өтүүчү аймакта түрк дүйнөсүнүн кол өнөрчүлүгү, тамак- аштардын жарманкеси жана элдик сейилдөөлөр жана чакан концерттик программалр менен коштолууда.

Пикир

Оставить комментарий