• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жеңишке 77 жыл. Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Самат Сыдыковго арналган даректүү тасма көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Бишкектеги Улуттук тарых музейинин кино залында 4-майда Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы даярдаган “Самат Садыков” даректүү тасманын бет ачары өттү. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине “Кыргызфильм” киностудиясынын директору Акжол Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган даректүү тасма 9-майга чейин дагы оңдолуп, толукталып, телеканалдарда таратылат.

"Мындан сырткары, даректүү тасма Улуттук тарых музейинде 8-майда саат 11:00 жана 15:00дө дагы көрсөтүлөт. Тасмада Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун өмүр баяны, эрдиги чагылдырылган", - дейт ал.

Бекболотов кошумчалагандай, тасмада Самат Садыковдун образын актер Нурбек Юлдашев аткарып, фильм 50 мүнөткө созулат.

Эскерте кетсек, Самат Садыков 1920-жылы Ош облусунун Кара-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Ал Берлинди алуудагы согушка катышып, курман болгон. Ага жогорку даражадагы Советтер Союзунун баатыры (1945-жылы) наамы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий