• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаш кыргызстандыктар Prince & Princess of the Universe 2017 сынагына катышат

Маданият 0


Бишкек, 25-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Little Top Model of Kyrgyzstan 2017 сынагынын жеңүүчүлөрү 16-25-июнда Болгарияда өтө турган Prince & Princess of the Universe 2017 эл аралык сынагына катышышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстан «Beauty Company» директору Рыскүл Намазбекова билдирди.

Анын айтымында, кечээ Бишкекте балдардын шаардык Little Top Model of Kyrgyzstan 2017 сынагы өткөн. Буга чейин сынакка кастинг жарыяланып, анда 4-13 жаштагы бардык каалоочулар катышкан. Балдар жана кыздардын жаш категориялары: 3-6, 7-9 жана 10-13 жаш.

“Кастингге 100дөн ашык бала келип, алардын жыйырмасы финалга чыгышты. Аларды сынакка жогорку деңгээлде даярдашкан. Бир жарым айдын ичинде моделдик агенттикте балдар дефиле, бий, актердук чеберчилик, студиялык фотосессияга үйрөнүшөт”, - деди ал.

Little Top Model of Kyrgyzstan 2017 сынагында 3-6 жаш категориясында Матвей Дайнеко, 7-8 жашта - Дарина Абакирова, 9-11 жашта Эркайым Сулайманова жеңүүчү болушту.

Бардык жеңүүчүлөр сынакка Кыргызстандын атынан катышууга даярданып жатышат. Алардын ата-энелери балдарын коштоп барууга даяр турушат.

Пикир

Оставить комментарий