• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Төлөгөн Томотоевдин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу кече өттү

Маданият 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 24-майында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, КРнын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Төлөгөн Томотоевдин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу кече өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрүнүктүү дирижер, залкар инсандын мааракесине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин орун басары Салтанат Аманова жана жалпы коомчулук катышты.

Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий