• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Брюсселде Кыргызстан менен Евробиримдиктин адам укуктары боюнча диалогунун отуруму өттү

Саясат 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кечээ, 6-сентябрда Брюсселде Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун он биринчи отуруму өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев баштаган кыргыз делегациясынын курамында КРнын Европа биримдигиндеги туруктуу өкүлү, элчи Муктар Жумалиев, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Юстиция министринин орун басары Канатбек Сманалиев, Омбудсмендин орун басары Альберт Колопов, Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Бельгиядагы элчиликтин өкүлдөрү кирген. Европалык тышкы аракеттер кызматынын Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Дитмар Кресслер жетектеген Евробиримдиктин делегациясында ЕАЭБдин тиешелүү кызматкерлери, Европа комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүк жана соода боюнча башкы дирекциясы катышты.

Жолугушуунун күн тартиби адам укуктары боюнча кеңири маселени камтыды: КР жана ЕБдагы адам укуктарынын абалы, анын ичинде COVID-19 пандемиясында, укук коргоо жана шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшү, сөз эркиндиги, чогулуш эркиндиги, жарандык коом, аялдардын жана балдардын укуктары, басмырлоого каршы күрөш, сак чөйрөгө укук жана көп тараптуу форумдарда кызматташуу.

Тараптар адам укуктарын коргоо жаатындагы улуттук программаларды жана мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча пикирлер жана сунуштар менен алмашышты.

ЕБ өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылында адам укуктарын коргоодогу жетишкендиктерин кубаттады. Адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү КРнын ички жана эл аралык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленди.

Учурда Кыргызстанда БУУнун адам укуктары боюнча органдарынын сунуштарынын негизинде иштелип чыккан 2019-2021-жылдарга Адам укуктары боюнча улуттук иш-аракеттер планы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Өлкөдө адам укуктары боюнча координациялык кеңеш, Акыйкатчы, бизнес-омбудсмен жана балдардын укуктары боюнча омбудсмен институттары жана кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор түзүлгөн. Жарандык коом активдүү өнүгүүдө, анын курамында алты миңден ашуун көз карандысыз бейөкмөт укук коргоочу уюмдар бар.

Республика гуманитардык жана адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдар менен кызматташууга ачык. 2008-жылы Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азия боюнча регионалдык кеңсесин кабыл алып, ал Бишкекте ачылган. Акыркы он беш жылдык кызматташтыкта БУУнун адам укуктары боюнча келишим органдарына жыйырма сегиз улуттук отчет тапшырылган жана Бүткүл дүйнөлүк мезгилдүү серептин үч циклы аяктаган.

БУУнун АУКнун бардык атайын процедуралары өлкөгө келүүгө туруктуу чакыруу жөнөтүлгөн. 2019-жылы Кыргызстан БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариатынын глобалдык кампаниясынын алкагында жарандыгы жоктугуна байланыштуу маселени чечкен дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. Кыргызстан 2009-2012 жана 2016-2018-жылдары БУУнун АУКнун мүчөсү катары ийгиликтүү тажрыйба топтогон, ошондой эле 2011-жылдын июлунан 2012-жылдын декабрына чейин БУУнун Кадрлар бюросунун вице-президенти жана баяндамачысы болуп иштеген.

КРда жана Евробиримдикте адам укуктары жаатындагы жетишкендиктер менен бирге, тараптар болгон боштуктарды, пландарды жана аларды жоюу боюнча мүмкүн болгон кызматташтыкты талкуулашты.

КР-ЕБ адам укуктары боюнча диалогдун кийинки айлампасы 2022-жылы Бишкекте өтөт.

Пикир

Оставить комментарий