• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Аманбаев АКШ менен Каспий жана БА өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты талкуулоого катышты

Саясат 0

Бишкек, 03.02.33. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Бакыт Аманбаев АКШ менен Каспий жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык талкуулоого катышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-февралында Вашингтондо АКШ менен Каспий жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган министрлер деңгээлиндеги онлайн конфереция болуп өттү. Талкууга АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу, АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысы Карен Донфрид жана Азербайжан, Грузия, Казакстандын жогорку даражалуу жетекчилери, ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын элчилери катышып, сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө АКШ менен Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын деңгээли жана аймактагы өлкөлөрдө соңку мезгилдери оорун алган ички саясий окуялар талкууга алынды. Форумдун катышуучуларынын өзгөчө көңүлү COVID-19 пандемиясынын шартында экономикалык оорчулуктан чыгуу жана эл аралык коопсуздукту сактоо маселесине бурулду.

Кыргызстандын элчиси Бакыт Аманбаев АКШ менен Каспий жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктагы соңку отуз жыл аралыгында жетишкен ийгиликтерге, жетишкендиктерге токтолуп, кызматташууда оорун алган алган кыйынчылыктар тууралуу өз пикири менен бөлүштү.

Ошондой эле Аманбаев Борбор Азия чөлкөмүндө соңку мезгилдери оорун алган окуялар тууралуу өз оюн ортого салды. Өз сөзүндө элчи мырза "алыскы туугандан жакынкы коңшу артык" деген кыргыз макалына шилтеме келтирүү менен, аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы ар кандай талаштуу маселерди өз ара сүйлөшүү менен адилетүүлүк принциптерин кылдат сактоо аркылуу чечүү зарылдыгына токтолду.

Сөзүнүн соңунда Бакыт Аманбаев Каспий Борборунун кызматкерлерин аталган борбордун уюшулгандыгынын 5 жылдыгы менен куттуктап, Каспий жана Борбор Азия аймактарындагы өлкөлөр менен АКШнын ортосундагы кызматтыкты чыңдоо тууралуу өз көз карашы менен бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий