• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин ТИМдер аралык консультациялары өттү

Саясат 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин ар жыл сайын өтүүчү ТИМдер аралык консультациялары болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан Россия, Түркмөнстан, Өзбекстандан делегациялар, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин жана КМШнын Антитеррордук борборунун өкүлдөрү катышты.

Консультациялардын жүрүшүндө КМШга катышкан мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун өкүлдөрү терроризм жана экстремизм сыяктуу коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына анын ичинде каржылоого туруштук берүү, ошондой эле баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү көйгөйүнө каршы аракеттенүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.

Консультациялардын катышуучулары ар кандай эл аралык платформаларда, биринчи кезекте БУУ тутумунун, ошондой эле башка аймактык уюмдардын алкагында жаңы коопсуздук чакырыктары менен коркунучтарына каршы туруу жаатында КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын ырасташты.

Кыргыз тарап консультациялардын катышуучуларын терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, наркотрафик менен күрөшүү жаатында республиканын компетенттүү ведомстволорунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө, ошондой эле өнөктөш мамлекеттердин колдоосу менен эл аралык аянтчаларда илгерилетиле турган Кыргызстандын бул чөйрөлөрдө пландаштырылып жаткан демилгелери жөнүндө маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий