• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде тиричилик товарларын аткезчилик жол менен ташып келүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Баткенде тирчилик товарларын аткезчилик жол менен ташып келүү аракети көрүлгөн.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, бажычылар Х.Ж.Р.у. аттуу өзбек жаранынын башкаруусундагы Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда Кыргызстанга ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай жүк коштоочу документтери жок тиричилик товарлары аныкталган.

Товардын жалпы салмагы 3899,8 кг, орточо базар баасы 481 миң сомду түзөт.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар бажы органынын бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Пикир

Оставить комментарий