• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбек Кулубаев БА өлкөлөрүнүн жана РФ ТИМ башчыларынын VII жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 13.04.24./Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Россия Федерациясынын тышкы иштер министрлеринин жетинчи жолугушуусуна катышты.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, отурум КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунун алкагында күн мурун Минск шаарында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Жээнбек Кулубаев экономика, соода, энергетика, логистика, экология жана маданият тармактарында, ошондой эле аймактык коопсуздук жаатында кызматташууну мындан ары бекемдөө зарылдыгын белгиледи.

Ал заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттерди консолидациялоону жактады.

Тараптар ортосунда соода жана жүк ташуунун өнүгүүсүнө тоскоол болгон айрым чектөөлөр жана тоскоолдуктарга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын соңунда Борбордук Азиянын жана Россия Федерациясынын Тышкы саясат ведомстволорунун башчылары өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча ишенимдүү пикир алмашууну туруктуу негизде улантууга кызыкдарлыгын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий